Биздин аймактагы кислоталык жамгыр коркунучуна токтоло турган болсок, мындай болушу күмөн. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине эколог-аналитик Бактыбек Саипбаев билдирди.
Адис Ирандын аймагындагы күйүүчү май сактоочу жайлардын жана мунай кендеринин күйүшүнөн улам уулуу жаан-чачындардын түшүү коркунучу тууралуу төмөнкүлөрдү айткан.
«Күйүп жаткан мунай продуктылары атмосферага зыяндуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгарат. Алар тез эле жерге чөгөт, эгерде алар жамгыр булуттарына кошулса, анда жаан-чачын түрүндө түшөт. Мындай кислоталык жамгырлар чектелген аймактарда, эреже катары, зыяндуу заттар чыккан булактан алыс эмес жерлерде – эң көп дегенде 100-200 километр аралыкта болушу мүмкүн. Эскерте кетсем, Кыргызстан Ирандан болжол менен 2 000 чакырым алыстыкта жайгашкан», — деди ал.
Адистин айтымында, зыяндуу кошулмалары бар кандайдыр бир аба массалары бизге жетиши үчүн шамал тынымсыз жана так биз тарапты көздөй согушу керек. Ошол эле учурда, атүгүл ушундай болушу күмөн болгон жагдайда да, эч кандай экологиялык катастрофа болбойт, анткени зыяндуу заттардын концентрациясы саат сайын тынымсыз азайып турат.
«Албетте, мүмкүн болсо аба массасынын жолун байкоо керек. Мындай жагдайларды жакшырак түшүнүү жана изилдөө үчүн өлчөө иштери жүргүзүлүшү зарыл. Бишкектеги түтүндө биз Ирандан келген аба массаларынан кандайдыр бир четтөөлөрдү же таасирин байкай албайбыз деп ишендирип кетем», — деп белгиледи Саипбаев.




