Экологиялык кызматтарга JAC маркасындагы 15 унаа берилди. Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына жаңы унааларды Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев тапшырды.
Унаалар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:
- Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына — 7;
- Бишкек шаарына — 1;
- Чүй облусуна -1;
- Нарын облусуна — 1;
- Талас облусуна — 1;
- Ош облусуна — 1;
- Ысык-Көл облусуна — 1;
- Жалал-Абад облусуна — 1;
- «Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик жаратылыш коругуна — 1.



