7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жамаат менен таанышты

462

Премьер-министр Улукбек Марипов жамаатка вице-премьер-министр —экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.

«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр вице-премьер-министр рангындагы министрдин ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

463