7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экотехинспекциядагы коррупцияны ачыктаган маалымат катчы иштен кетти

4149
Экологиялык-техникалык коопсуздук мамлекеттик мекемесинин маалымат катчысы Анара Мамбеталиева адилеттүүлүк үчүнкүрөшкөн, эр жүрөк кыз катары танылган.
Ал өзү иштеп жаткан мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу маалымат чыгарып, жетекчисинин иштеп алынуусуна себепчи болгон.
Бүгүн, 8-октябрь ал өз эрки менен жумуштан кеткенин жазды.
«Достор кызматымды тапшырдым!
Бул сапар өзүмдүн каалоом менен. Кызматымда жакшы да жаман да күндүр өттү. Ишмердүүлүгүмдө абдан көп мыктылар менен иш алып бардым. Албетте кой аксагы менен миң. Ансыз болбойт экен! Жолумда кимди жолуктуруп, ким менен кызматташсам, баардыгыңыздарга терең ыраазычылык!
Ар тармактуу кесиптештерди күттүм, алардын ишин коомго чагылдырып көпүрө болдум.
Албетте бул иштер ММК өкүлдөрүсүз кантип ишке ашмак. Андыктан ММК өкүлдөрүнө өзгөчө рахмат. Маалыматтын тең салмактуулугун кармап турган силерсиңер. Калеминер ар дайым курч болсун!
Ал эми мен, алдыга койгон так жана бийик максаттарымы көздөй бет алдым!!!» -деп жазат жеке баракчасына.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4150