Лейлекте Тажикстандан 840 миң сомдук жүк алып келе жатышкан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар 1985-жылы туулган М.А.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» унаасын токтотушкан. Айдоочу Тажикстандан Кыргызстанга 400 килограмм жүгөрүнү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган.
Ошол эле күнү Лейлек районунун Арка айылында Кыргызстандын жарандарынын башкаруусундагы эки жүк ташуучу унаа кармалган. Унаалардын ичинен 3,5 тонна лимон жана 3 тонна конфет табылган.
Белгилүү болгондой айдоочулар мыйзамсыз жүктү Тажикстандан алып келе жатышкан. Болжолу менен жүктүн жалпы баасы 840 миң сомго бааланат.
Эскерте кетсек, иешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар жана жүктөр компетенттик органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.