«Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң!Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды.Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!«-деп жазат.
Бүгүн, 8-октябрь Президент Садыр Жапаров спорттун күрөш түрү боюнча дүйнө чемпиондугунда биринчиликти багындырып алтын кур тагынган Мээрим Жуманазарова менен коло байгенин ээми Айпери Медет кызын куттуктап, Фейсбуктагы баракчасына куттуктоо жазды.