Кыз-келиндерди өзүн-өзү коргоого үйрөтүү программасынын 2021-жылдагы акыркы этабы башталды. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуулар ноябрь айында башталып, үч айга созулат. 13 жаштан 18 жашка чейинкилер жана 18 жаштан жогоркулар деп эки топко бөлүнөт. Булардын ар биринде 30дан ашык эмес киши болот.
Бул окутуунун жүрүшүндө катышуучулар физикалык зомбулуктан коргонуунун бир нече ыкмасын, өзүн жакшы формада алып жүрүүнүн жолдорун жана жаңжалдарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана стрессти башкарууга үйрөнүшөт.
Физикалык даярдыгына жана буга чейинки машыгуулардагы тажрыйбасына карабастан бардык кыз-келиндер катышса болот.
Эскерте кетсек, укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, акыркы жылдары, өзгөчө пандемия учурунда Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук көбөйгөн.