7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жаракат алды

210

Мурдагы Акыйкатчы,  Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун саясий уюмдун 35 жылдык юбилейин өткөрүү алдында денесинен жаракат алды. Бул туурасында ал өзү социалдык баракчасы аркылуу коомчулукка маалымдады.

«КДКнын 35 жылдык юбилейине тоскоолдук жасалып, электр жарыгы атайын өчүрүлдү. Бирөө мени келип урган жок. Бирок, мейманкананын балдары эшикти жулкулдатуу учурунда айнек сынып башыман, колуман жаракат алдым. Биз бул жака кофе-брейк менен салтанаттуу жыйыныбызды өткөрөлү деп, майрамдык маанай менен келгенбиз. Зал бир канча күн мурун эле сүйлөшүлүп, акысы төлөнгөн. Бирок, 300дөй кишини киргизбей тоскоолдук кылышты«,- деди ал.

Окуя боюнча Бишкек ШИИБ аталган факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Бишкектеги мейманканалардын биринде белгисиз адамдар айнекти сындырып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда, мейманканада Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдык маарекесине арналган иш-чара өтүп жатканы, иш-чараны Турсунбек Акун уюштурганы аныкталган. Иш-чаранын жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам мейманканада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жыйын убактылуу токтотулган. Турсунбек Акун нааразычылыгын билдирип, мейманкананын жетекчилигине дооматтарды айтып, жыйын залынын эшигин ачууга аракет кылып жатып, кокусунан эшиктин айнегин талкалап, айнек сыныктарынан жаракат алган. Окуя боюнча, Турсунбек Акундун юристи имарат ээлери келишим шарттарынын бузгандыгы тууралуу райондук башкармалыкка арыз жазган«,- дешти милициядан.

211