7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экстремистик материалдарды таркатып жүргөн 41 жаштагы аял кармалды

923

Кыргызстанды тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу А.Б. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү экстремистик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аракылуу жайылтканы аныкталып, алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн. Анын натыйжасында, таркатылган материалда экстремистик маанилер камтылганы аныкталган.

«Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

924