7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн районунун Байтик айылында коомдук алдын алуу борбору ачылды

448

Кечээ, 27-июлда Аламүдүн районунун Байтик айылында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ички иштер министрлиги, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусуна каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү” боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында жана “Кыргыз Республикасынын жамаатарында кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү” долбоорлорунун алкагында ишке ашырылган.

Ачылыш аземине Ппезиденттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовна, ИИМдин орун басары милициянын полковниги Урманбетов Октябрь Жолдошович, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Кыштообаева Гульмира Алимбекова, Сейферуорлд (Saferworld) уюмунун өкүлү Стефан Стоянов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Коомдук алдын алуу борборун оңдоп-түзөө иштерине жана компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга жалпысынан 800 миң сомдон ашуун каражат жардам көрсөтүлгөн. Аталган курулуш иштерине Байтик айыл өкмөтү тарабынан 1 696 200 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды алып барышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

449