7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба азыктарын АКШга бажы төлөмү жок өткөрүүгө шарт түзүлөт

765

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды.

Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766