7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран кармалды

459

Өзгөндө экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.

“Тiк Ток” социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучусу фейк аккаунту аркылуу экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат катталган.

Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, тыюу салынган “Джамаат Таухид-ва Джихад” экстремисттик уюмуна таандык экендиги боюнча корутунуду чыккан.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1990-жылкы тургуну камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

460