7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эл Аман» дарыканасы зарыл делген 800дөн ашык дарыларды сунуштайт

175

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк медицина борборунда дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыкананын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиевдин, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин орун басары Чинара Жаныкеева жана башкалардын катышуусунда өттү.

Министр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, күн сайын 2-3 мамлекеттик аптека ачылып жатканын айтты.

«Ушул темп менен жыл аягына чейин бардык пландаштырылган 46 мамлекеттик дарыкананы ача алабыз. Келечекте дарыканалардын ассортиментин 800 фирмалык аталыштан 2 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элге эбегейсиз пайда алып келүүдө. Дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси. Арзандатылган баалар, чоң ассортимент жана мындай дарыканаларды кеңири жайылтуу менен жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык тейлөөнүн сапатын жана өлкөдөгү жалпы ден соолуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет», — деди ал.

«Эл Аман» дарыканасы эң зарыл дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дарыларды өлкөдөгү жеке менчик дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алат дегенди билдирет. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

176