7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көкүрөгүн эзип салган. Түштүк Кореяда робот адамды өлтүрдү

525

Түштүк Кореяда робот 40 жаштагы кызматкерди картон куту менен адаштырып, өлтүрүп салган. 

Аталган өлкөнүн Yonhap маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Робототехника компаниясынын кызматкери робот-машиналарды текшерип жаткан. Бир күн мурун анын сенсору иштебей калган. Робот ичинде калемпир салынган кутуларды коюш керек болгон. Бирок, ал кишини картон кутусу деп адашып кармап алып, конвейерге басып, бети менен көкүрөгүн эзип салган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Эскерте кетсек, март айында Түштүк Кореяда ушундай эле окуя болуп, 50 жаштагы унаа тетиктерин чыгарган заводдун жумушчусу роботтун жолуна түшүп калып, оор жаракат алган.

526