7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баш байге 450 миң сом. Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү сыйланды

478

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер ыйгарылды.

Ак таңдай, кара жаак акындардын айтышы эки күн кечке Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтүп, айтышка 8 кыргыз, 8 казак акыны катышты. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келди.

Айтыш курч мүнөздө, абдан кызыктуу өттү. Эки күн бою театрга эл жык толуп, эл менен бирге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын мамлекттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, тарыхчы Кыяз Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматулла Козукеев ж.б. көрүнүктүү инсандар катышты.

Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге 450 миң сом- Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),

Баш байге 450 миң сом — Муктар Ниязов (Казакстан).

Биринчи орун 300 миң сом — Изат Айдаркулова,

Биринчи орун 300 миң сом- Казырет Бердихан (Казакстан).

Экинчи орун 200 миң сом- Асылбек Маратов,

Экинчи орун 200 миң сом -Данияр Алдаберген( Казакстан).

Үчүнчү орун 100 миң сом -Чынгызхан Кожошев,

Үчүнчү орун 100 миң сом — Талгат Орынбеков (Өзбекстан).

Атайын кызыктыруучу сыйлык жана 70 миң сом акчалай сыйлык:

Тилек Базар уулу ( Монголия);

Аманжол Куанткан (Монголия);

Нурмат Мансуров (Казакстан);

Айчолпан Түлөхан ( Казакстан);

Баян Акматов;

Акмат Султан уулу;

Кубат Тукешов ;

Кутман Садыбакасовго тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479