Бүгүн , 2-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +22…+27 жана Нарында +20…+25 градус болот.
Ал эми, Бишкекте +24…+26 жана Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.