Эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп кармалды.
2022-жылдын 21-майында К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.
Белгилей кетсек, 21-майда УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган.
Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.