Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралууу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын аймагына Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган. Ал жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон «чарс» баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 23-ноябрда эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү Өзбекстандын жараны жана Кыргызстандын жараны Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.