7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык илимий конференциянын алкагында түндүк көтөрүү аземи өттү

225

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын катышуучулары менен биргеликте түндүк көтөрүү аземи өттү.

Түндүк элдердин ынтымагын, достугун жана биримдигин символдоштуруп көтөрүлдү. Аземге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея, Индия, Франция, Германия, Италия, Польша, Словения, Швеция, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Шри-Ланка, Гана, Сауд Аравиясы жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Түндүк көтөрүү аземи кыргыз элинин салттуу маданиятында ынтымактын, биримдиктин жана достуктун маанилүү символу болуп саналат. Аны конференциянын катышуучулары менен биргеликте көтөрүү эл аралык илимий кызматташтыкты, өз ара урматтоону жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө болгон умтулууну символдоштурду.

Өзгөчө жөрөлгө чет өлкөлүк конокторго кыргыз элинин маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берип, көчмөндөрдүн салттуу баалуулуктарынын бүгүнкү күндөгү маанисин дагы бир ирет көрсөттү.

226