7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык илимий конференциянын алкагында ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг өттү

224

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өттү.

Иш-чара кыргыздын салттуу боз үйүндө өтүп, илимий коомчулук менен журналисттердин ачык баарлашуусу үчүн аянтча болду.

Брифингге Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жана секциялардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда иш-чаранын негизги багыттары, максаттары жана көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын жана мурасын изилдөөнүн мааниси тууралуу маалымат берилди. Секция жетекчилери илимий талкуулардын актуалдуу темалары жана изилдөөлөрдүн негизги багыттары тууралуу айтып беришти.

ЖМК өкүлдөрү катышуучуларга суроолорун берип, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана көчмөн элдердин цивилизациясын изилдөө маселелерин талкуулашты.

Брифинг илимий коомчулук менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда түз диалог түзүп, иш-чаранын маанисин кеңири коомчулукка жеткирүүгө өбөлгө түздү.

225