Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-июлунда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-ж.т. «И.Р.А.» аттуу Россия Федерациясынын жараны кармалды.
Азыркы учурда, КР УКМК кармалган «И.Р.А.» Россия Федерациясынын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, «И.Р.А.» Россия Федерациясындагы Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.