Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун Инстаграм баракчасындагы жарнаманын баасы 1 млн 600 миң доллар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бир пост үчүн италиялык “Ювентустун” чабуулчусу орто эсеп менен 1 миллион 600 миң доллар киреше табат. Экинчи орунда 250 миллион катталуучусу бар америкалык актёр Дуэйн Жонсондун аккаунту турат. Ал баракчасына бир пост чыгаруу үчүн жарнамачылар ага 1 миллион 52 миң доллар төлөшөт. Эң кымбат Инстаграм колдонуучуларынын үчилтигин америкалык ырчы Ариана Гранде жапты. Анын профилине жарнама берүү үчүн орто эсеп менен 1 миллион 51 миң доллар талап кылынат.
Белгилей кетсек, буга чейин Криштиану Роналду “Евро-2020” турниринин алкагында өткөн Португалия курама командасынын маалымат жыйынында турнирге демөөрчү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салып, жыйынтыгында компаниянын акциялары бир нече пайызга түшүп кеткен.