7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

349

УКМК тарабынан Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү, 1982-жылы туулаган А.Ш.Б. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайфык, А.Ш.Б. Эл аралык террористтик уюмдардын чет өлкөдөгү башчысынын көрсөтмөсү боюнча Сириядагы жаңжал чыккан аймакка жалдоочуларды тартуу максатында Интернет аркылуу Эл аралык терросттик уюмдардын (ЭТУ) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоо менен алектенип иш алып барып жүргөн.


«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылып алынды. Табылган далил буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган адам Баткен облустук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350