7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл өкүлү кайгуул кызматкерлерин сыйлады

196

Бүгүн, 3-июль Кыргызстанда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат.
Ага карата Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов Бишкек ШИИБнын Милициянын кайгуул кызмат полкунун кызматкерлерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

“Сиздердин кызматыңыздарды абдан жогору баалайм. Күн-түн, ысык-суук дебей жол коопсуздугун камсыздап, милдетиңиздерди жогорку деңгээлде аткарып келе жатасыздар. Мындан ары да жумушуңуздарды берилгендик менен аткарып, кызмат кыласыздар деп ишенем. Кесиптик майрамыңыздар менен!”,- деди эл өкүлү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кыскача тарыхы:

  • 1936-жылдын 3-июлунда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын ички иштер элдик комиссариатынын курамында авто аварияга каршы күрөшүү жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик автоинспекциясы түзүлгөн.
  • 1969-жылы бул кызматка “Жол кыймылын уюштуруу” деген аталышта жаңы нуктагы багыт пайда болгон. Быйыл бул белгилүү датага 89 жыл толду.

197