7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эл кызматында 500 күн». Cадыр Жапаровго арналган гезиттин атайын чыгарылышы жарыяланды

644

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти.

Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген.

Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

El_kyzmatynda_500 Kyrgyzcha

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645