Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялады.
Сынакка төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз жарандары катыша алат:
— жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;
— атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (майыптыгы бар балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);
— аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;
— соттолбогондор;
— билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;
Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап, 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:
— белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);
— паспортун;
— жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);
— эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);
— соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;
— психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.
Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.