7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЭЛ ҮНҮ: 30 жылдык ак эмгекти тепсеп, 7 миң түп терегибизди кыйып салышты (ФОТО)

2350

Базар-Коргон районундагы Карача айылында сайдын жээгиндеги 35 сотых жерге тигилген 7000 теректи кыйып салышты. Бул тууралуу 30 жыл кара терин жумшаган үй-бүлө редакцияга кайрылды.

Алардын айтымдарында, алар бул теректерди кичинекей эки уулу чоңойсо аларга үй куруп берүүдө колдонобуз деген максатта тигишкен. Алгач 15 миң түп калемче терек отургузулганын айтышат.

“Бул жер аябай таштак болчу, далай жолу кайын ата, кайын энем баш болуп челек менен ташып таштарын тазалаганбыз. Эки уулума чоңоюп там салганда колдонобуз деген жакшы ниет менен тиккенбиз. Балдарым бой жетип калышты, биринин дагы үйү жок. Эми минтип 30 жылдан соң ээси чыга калып Акматов Болоттун кызы Асел соттор менен коррупциялык жол аркылуу 35 гектар жерди 1 гектар 25 сотых деп схема чийдирип алып, бүгүн аткаруу органдарын ээрчитип келип теректерди эскертүү бербестен кыйдырып салыптыр. Үйдө эч ким жок болчу, баарыбыз жумушта элек. Азыр бул кыйылган теректерди эч ким албайт, турган жеринде чирийт. Эми мындан кимге пайда, кимге зыян? Бул маселени кантип чечээримди билбей калдым. Кимге кайрылып, ким чечет. Карапайым эл эле ушинтип какшап калып калабызбы?! Урматтуу жогорку жакта отурган аткаминерлер, урматтуу өлкө башчы Садыр Нуркожоевич, биз бул маселени агынан чечип берет деген ниеттебиз”, — дешет алар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2351