7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл нааразы. «Яндекс» таксинин тарифи жөнгө салынат

687

“Яндекс” таксинин тарифи жөнгө салынат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин “KAБАР LIVE” программасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, аталган такси кызматынын тарифтери салыштырмалуу өтө кымбат экенине нааразы болгондор көп.

“Буга чейин да, эки-үч күн социалдык сегменттен, интернет тармактарынан “Яндекс” такси бааларды кескин көтөрүп жатат деген маалыматтар келген. Буга чейин да тиешелүү иштерди жүргүзүп, “Яндекстин” жетекчилери менен жолугушуп баа саясаты, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өзүбүздүн сунуштарды бергенбиз. Азыр биз талдоо жүргүзүп жатабыз”. “Яндекс” такси бизде расмий түрдө 2023-жылдын башынан баштап эле каттоодон өттү да. Бүгүнкү күндө “Яндекс” такси бизде монолдук денгээлге ээ эмес. Монополиялык денгээлге ээ болуу үчүн булар рыноктун 35%ын камтышы керек»,- деди Кеңешбек Тайлаков.

Ошондой эле Тайлаков, кечээ күнү эле аталган фирманын чет өлкөдөгү ээлери менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, жакын арада “Яндекс” таксинин тарифтери мыйзамдуу түрдө жөнгө салынарын айтты.

Белгилей кетсек, «Яндекс» такси Кыргызстын рыногуна 2017-жылы кирген. Ал эми расмий каттоодон 2023-жылдын башында гана өтүп, мамлекетке салык төлөй баштаган. «Яндекс» такси Бишкек жана Ош шаарларында эң көп кызмат көрсөтүп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688