7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчи Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти менен жолукту

530

Кечээ, 3-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана уюшкан өнөр жай зоналарынын мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу, электромобилдерди чыгаруу, катуу таштандыларды кайра иштетүү, бажыны модернизациялоо, Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасын реформалоо жана башка маселелерди талкуулашты.

Хисаржыклыоглу жакын арада Кыргызстанга иш сапар менен барууну көздөп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 2021-жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда өтүүчү 10-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна түрк ишкерлеринин катышуусу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат үчүн: Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзу өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк органдарда жеке сектордун кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бей өкмөттүк уюм. Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык, Түркиянын палаталарында жана биржаларында мүчө болуу бул милдет.

Учурда 365 аймактык соода, өнөр жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн ашык түрк компаниялары иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531