Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жабуу тууралуу буйрук берди.
Мындай буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун тапшырмасынын негизинде болгонун аталган мекемеден билдиришти. Мунун алдында, 1-октябрда Улукбек Марипов менен финкөзөмөл кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Сомонун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын өткөргөн.
Финкөзөмөл кызматы тараткан маалыматка караганда, күрөөкана иштетүү үчүн берилген лицензиялардын реестринде «Сомонун» каттоодон өткөн филиалы жок болуп чыккан. Аталган мекеменин банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнө компаниянын ишмердүүлүгүн пландан тышкары текшерүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин 7-каналдын редакциясына 15 мүнөттө зайымга акча беребиз деп, элди насыя алууга азгырган Сомо.кж компаниясынан жабыркаган жарандар кайрылган. Анда жарандар Сомо.кжден зайымга акча алып, кайра эки-үч эсе көп төлөм алышканын айтышкан. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Сомо.кжге күрөөкана катары лицензия беришкен. Бирок Сомо.кж кардарлардан эч кандай күрөөгө эч нерсе албай эле зайым беришкен.