Бүгүн, 4-октябрь күнү Ысык-Көлдө «Лексус 300» автоунаасы жол кырсыгына кабылып, 2 жаран каза болду. Бул маалыматты Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык кырсык саат 10.05 чамасында, «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автоунаа жолунун 26,00-чакырымынан, тагыраагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган.
«Унааны Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1937-ж.т. А. А. башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен. Натыйжада айдоочу жана жанындагы жүргүнчү жубайы 1940-ж.т. Ү. С. экөө кырсык болгон жерден каза болуп калышкан«- деп жазылат.
Окуя Ысык-Көл РИИБнүн кылмыш жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
«Акипресс» басылмасы каза болгондор, белгилүү кримтөбөл Рыспек Акматбековдун ата-энеси экендигин жазды.