7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултайда өлүм жазасын киргизүү сунушталды

260

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө бишкектик делегат Гаарба Орозматов мамлекетке олуттуу зыян келтирген жемкорлорго жана жаш балдар менен кыздарга ыдык, зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

«Албетте, муну тиешелүү органдар так аныктап чыкса гана аткаруу зарыл. Анткени, «бөрк ал десе, баш алган» учур болуп кетпесин»,- деди ал.

Орозматов жазанын мындай түрүн киргизүүнү Конституциялык сот кайрадан караса деген пикирин кошумчалады.

Буга чейин Конституциялык сот президенттин “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун карап, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Башмыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган.

Башмыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган болчу.

 

261