7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултайда түзүлгөн Аксакалдар кеңеши жети багытта иштей баштайт

523

Элдик курултайда түзүлгөн Аксакалдар кеңеши жети багытта иштей баштайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги жыйында биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

“Акылдашып, жети багытта иш алып барууну чечтик. Биринчиси, улуу муундар менен. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында бир канча аксакалдар уюму бар экен. Кыргыз көчүн түздөө максатында ал уюмдардын лидерлери менен түз өзүм иштөөнү пландап жатам. Экинчиси, аялдардын маселеси өтө курч турат. Ошондуктан бир багыт аялдар жөнүндө болуп, бул ишти Дамира Ниязалиева алып барат. Үчүнчүсү, билгилер тобу, илимий чыгармачыл интеллигенциянын үнү угулбай калды. Илимге жана билгилерге таянып, алардын пикирин угуп, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча программаларды иштеп чыгарууда алар менен иштөө. Төртүнчүсү, жаштар болсо, бешинчи багыт мекендештер, эмгек мигранттары менен иш алып баруу. Ал эми алтынчысы, аймактар менен иштешүү. Аймактар боюнча кураторлор болуп, улуттук маселеге жоопкерчилик алат. Акыркысы, элдик демилгелер борбору деп аталат. Бул маалымат талдоо борбору: элден түшкөн ар кандай суроо, сунуш, талап, идеялар каралып, турмушка ашырылат”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524