Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Айбек Алтынбеков автопоездер боюнча маселе көтөрүп жана алыскы Тогуз-Торо районунда дарыгерлер жетишсиз экенин айтты.
«Автопоездер боюнча протоколдук тапшырма бердим эле. 9 айдын жүзү болду, бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Биз анда бюджеттин акчасын коротуп эмне үчүн алдык бул автопоездерди. Россиядан экөө, Түркиядан алтоо келген. Мен ошондо сурандым эле Тогуз-Торо району алыскы район. Ошол жерге тажрыйбасы жогору болгон керектүү дарыгерлерди жөнөтүү боюнча. Эгерде Министрлер кабинети аткара албаса, Саламаттык сактоо минисрлиги аткара албаса кагаз түрүндө жоопту берип коюшса, аткара турган болсо тез аранын ичинде элибиздин ден-соолугун көзөмөлгө алып берсе жакшы болмок»,-деди ал.