Жалал-Абадда дөңгөлөк уурдаган 24 жаштагы эки жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 23-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.
Ушундай эле арыз менен дагы шаардын 6 тургуну милицияга кайрылган.
Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургундары 1998-жылы туулган А.Ө. жана М.Н. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.