Бишкек шаарындагы филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайдын убактылуу төрагасы Кемел Ашыралиев болду. Ал эми, Талас облусунан делегат болуп келген Айдар Момунтаев Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Эсептөө комиссиясынын курамына 9 адам кирди:
- Баткен облусунан Касиет Мырзаева;
- Жалал-Абад облусунан Жылдызбек Абибакир уулу;
- Нарын облусунан Нургүл Өмүрова;
- Ош облусунан Бекболот Мусаев;
- Талас облусунан Айдар Момунтаев;
- Чүй облусунан Эстебес Ырыскелдиев;
- Ысык-Көл облусунан Кайратбек Ибраев;
- Бишкек шаарынан Айнура Абдыгулова;
- Ош шаарынан Элмира Сатыбалдиева.
Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти.
Эскерте кетсек, курултайга 1 миң 72 делегат катышууда.