7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл арызданып, Бишкек кадастрдын жетекчиси менен орун басары иштен четтетилди

533

Бишкекте  40тан ашуун жаран жер тилкесине кызыл китеп ала албай жүргөнүн айтып, айыл чарба министрлигине кайрылган. Натыйжада «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетов жумуштан убактылуу четтетилди.

Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Аскарбек Жаныбеков «Кадастр» ишканасынын Бишкек филиалынын директорун жана орун басарын иштен алууну талап кылган митингчилер менен жолукту.

“Бүгүн 40тан ашуун жаран жашап жаткан жер тилкелерине кызыл китептерин көп убакыттан бери ала албай жаткандыгына байланыштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан бошотуу талабы менен айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр атайын комиссия түзүүнү жана нааразы болгон тараптан эки өкүлүн комиссиянын мүчөсү катары кошууну сунуштап, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан убактылуу четтетүү буйругун чыгарды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534