Кыргызстандык Кубанычбек Кожоев «ЕДИНАЯ РОССИЯ» партиясынун курамында Россия Федерациясынын Мамлекеттик үйүнө (Гос.Дума) депутаттыка талапкерлигин коюуда. Учурда, Госдумага талапкер саясий партияларга “алдын ала” добуш берүү (праймериз) башталды. Добуш берүү жана боло турган шайлоо негизинен «онлайн» түрүндө өтөт.
Мындан улам, Россиянын жарандыгын алган жердештер арасында мекендешибиз
Кубанычбек Кожоевди колдоо маалыматтык акциясы өтүүдө.
«Эгерде, РФ паспорту бар кыргызстандыктар биригип, бир муштумдай болуп, ОРОЗО аяктаганча тизме топтоп, “алдын ала” добуш берүүгө катышсак, анда Орто Азия элдеринин ичинен биз кыргыздар, биринчи болуп ГосДумага өз депутатыбызды шайлап алууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Буюруса, Россиядагы миллиондогон мекендештерибиздин укуктары корголот, мамлекетибиздин колу-буту узарат, жалпы элибизге сыймык болот.
Келгиле, бир туугандар! Ушундай тарыхий учурда, намыс үчүн башка улуттардын алдында өзүбүздүн биримдигибизди көрсөтүп, ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. РФ паспорту бар бардык дос-туугандарды, тааныштарды Россиядагы жердештик айылдык, райондук, шаардык коом жана диаспора башчылары түзүп жаткан тизмеге каттаткыла, же, төмөнкү ватсап/телеграм аркылуу байланышып, списокко киргизгиле!», -деп чакырык ташталууда.
Байланыш телефондору:
+7 (925) 175-31-04
+7 (906) 022-31-04
+7 (999) 348-42-37
«Единая Россия» партиясынан Госдуманын депутаттыгына талапкер
Кубанычбек Кожоев Шералиевич Россиядагы жалпы Кыргыз конгресинин Президенти болгон.
55 жаштагы саясатчы, меценат Ош облусунун кулуну. 1983-жылы Ош шаарындагы В.В. Терешкова мектебин аяктап, 1990-жылы Моссквага армияга барган. Алгач Москва колдонмо биотехнилогия институтун, кийин 1996-жылы Москва эл аралык мамилелер институтун (МГИМО) бүтүргөн.
Бир катар дипломатиялык мекемелерде жана металлургиялык комбинатта жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ошол эле жылдары партиялык жана коомдук иштерге активдүү катышып, Россиядагы кыргыз коомчулугунун калыптанышына салым кошуп келген.
2012-жылдан Жалпы Россиядагы Кыргыз конгресинин Президенти, жана Россия жергесиндеги «Кыргызстандык ишкерлер бирикмесинин» директору.