2021-жылдын 1-июнуна карата керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карыз 407,8 миллион сомду түздү.
Маалыматка ылайык, бул убакытка чейин электр энергиясынын баасы көтөрүлөөрү айтылып келген. Учурда калктын электр жарыгынын үнөмсүз пайдаланганынан улам ири ишканаларга электр жарыгы жетпей келет.
Ушул жылдын башынан бери дебитордук карыз 338,2 миллион сомго же 45% га кыскарган. Алардын ичинен дебитордук карыздар Бишкек шаары — 125,6 млн сом, Чүй облусу — 222,9 млн сом, Талас облусу — 59,3 млн сом.
«2022-жылдан тарта электр энергиясынын наркы 2 сом 48 тыйынга жогорулайт. Андан кийинки жылдарда тариф инфляцияга жараша өзгөрүп турат. Ал арада өндүрүш ишканалары жана ири киреше таап жаткан ишканалар электр энергиясынын ар кВт сааты үчүн 5 сом 4тыйындан төлөп калышат. Жаны тариф долбоорунун маселеси сентябрь айына чейин толук чечилиш керек»,-дейт энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев.
Белгилей кетсек, тариф саясаты кайрадан жаныланып, апрель айында сунушталган 3 тариф алынып салынып, азыркы тапта 1 сом 9 тыйынды түзгөн тарифти коомчулукка талкууга коюууда.