7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот төрайымга арызданып: «Бюджетте акча жок дейин десек, карагылачы, первомайский соттун имаратын»

734
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын кеңешчиси Ибрагим Нуракун уулу жазган пост же жол очеркинде, учурдун ачуу чындыгы баяндалган. Анда, төрайымга каржылык тартыштыгын арызданган соттор жана ич ара атааңдашуу, сот тармагындагы ачуу чындыктар сүрөттөлгөн.  Пикирди толугу менен, өзгөртпөй сунуштайбыз.
Эске салсак, Жогорку Соттун Төрайымы кече Чүй облусундагы соттор менен жолугуп, сот имараттары менен таанышып чыккан.
«Бул жакка иштегениме үч аптанын жүзү болуп калыптыр. Бир чакан кабинет, эски диванды беришип, бир судьядан ашып калган жыгач креслого олтургузушуп койгонунан нааразы болуп аткамын. Аты улук, тасмалы курук жер окшобойбу дегенсип. Мындан көрө огородума барыпле иштесемби деген да ойлор тегеренип туруп алган. Анан төрайым менен региондорду бир кыдырып келгенде көз караш бираз өзгөрө түштү. Соттор деле жакшы адамдар турбайбы деп ойлоно баштадым, эй. А кечээ ошондой бир жолугушууда бир сот аябай даттанды төрайымга. «Олтургуч жок, мебелди эптеп ар кимден сурап кураштырдым. Кабинетимде даже лампичке күйбөйт…». Кыскасы, көзүнөн жаш тегеренип кете жаздады. Айтымында, компьютерди да өз үйүнөн алып келип атыптыр. Мисалы менде даже принтер бар, ее. Кой, жакшы эле шарт түзүп беришиптир деп, ошондон бери ойлонуп бүгүн ишке аябай эрте келдим.
Жанагы сот айтып атпайбы «бюджетте акча жок дейин десек, карагылачы, первомайский соттун имаратын. Паркет, люстралар жалтырайт», — деп. Төрайым «болуптур сизди анда первомайскийгe ротация кылалы», — деп суроолуу тиктейт көпчүлүк жакты. Тиги сот байке кайра ордунан шашып тура калып: «Коюңуз …овна, андан көрө лампычканы өзүм эле алмаштырууга макулмун», — дебеспи.
Ошентип кечээ түнкү 21:47ге чейин чогулушта олтурдум. Боржоми деген минералкадан бир экини коюп коюшкан экен экөөнү тең өзүм ичип алдым соттор алдыдагы чоң реформалар тууралуу кыжылдашып атканынан пайдаланып. Же төрайым чарчабайт, же тигилер тарабайт дегендей. Кыскасы, жанды койбогон шепке туш келип калыппыз. Ошо анан… принтердин жанында силерге жазып атырым.
22-июнь, 2021-жыл, обед маалы. Башка маалда жазганга вакыт жок:-)). Айтмакчы, мындан кийин да соттордун иши боюнча блокторду жазып турсам кандай дейсиздер, фб достор?«, -деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735