«Электр станциясы» ААКнын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз каалоосу менен 1-февралда кызматтан кеткен . Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Ошондой эле, 1-февралдан тарта башкы директордун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Ачикеев 2020-жылдын 27-февралынан бери башкы директор болуп иштеп келген. Электр станциялары — бул Кыргызстандагы негизги өндүрүүчү компания. Токтогул ГЭСин жана Бишкек ЖЭБин көзөмөлдөйт.