Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Электрондук коммерция жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.
Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Айдаров С.А., Рыспаев К.Дж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.
Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасында электрондук соода үчүн укуктук шарттарды түзүү — электрондук билдирүүлөрдү пайдалануу менен товарларды сатуу боюнча ишмердүүлүк, кызмат көрсөтүү, жумуштарды аткаруу, ошондой эле электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу жана коргоону камсыз кылган натыйжалуу укуктук механизмди бекемдөө болуп саналат.
Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.