7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садовое айылынын тургундары: Жергиликтүү бийликтен колдоо жок

580

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Замирбек Эсенаманов: «Москва районунун Садовое айылынын эли өздөрү демилге көтөрүп, тигүүчүлүк менен алектенүү багытында иш алып баралы десе жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болбой жатыптыр. Андыктан, аталган маселени Өкмөт көзөмөлгө алып, демилгеге салым кошуусу керек», — деди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева жергиликтүү кеңештерге депутат болууга айымдарды үндөп, жигердүүлүккө чакырды.

Муну менен катар депутат Самат Исманов жергиликтүү кеңештерге өтүп жаткан шайлоолордо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Тазабек Икрамов азык-түлүктүн наркы абдан жогорулап кеткенин жүйө келтирип: «Өкмөт эмне үчүн бул жаатта тиешелүү чараларды көрбөй жатасыңар?» — деген суроо койду.

581