7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тынчтыкбек Конушбаев:Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жолдун абалы өтө начар

450

Бул тууралуу бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев билдирди.

«Сиздерге белгилүү болгондой, Суусамыр-Арал жолунун абалы өтө начар. Аны оңдоо иши жыл сайын айтылганы менен алгылыктуу иштер башталбай келет. Мына жаз келе жатат. Табияты катаал аймакта жол көйгөйү дагы курчуйт. Суу жууп, араң турган жол дагы талкаланат. Жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн. Бирок каражат качан чечилери белгисиз. Андыктан Өкмөт аталган маселеге кайдигер карабай, ишти тездетиши керек», — деди.

Андан тышкары, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушуна токтолгон эл өкүлү: «Пандемияга байланыштуу аталган жолдун курулушу да солгундады. Бирок, эл кыйналып кетти. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жолдун ушул тилкесинен каттагандар арбын. Ошондуктан, ушул жолду да тездетип бүткөрүү зарыл» — деп кошумчалады.

Муну менен катар Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатканын мисал кылып: «Акча бөлүнгөн, бирок эмнегедир иш жүрбөйт. Окуучулар жакынкы мектептерге барып окушат. Ал жакта шарт-жагдай начар. Мугалимдер окуучулардын көптүгүнөн татыктуу билим бере албай жатышат. Андыктан, Өкмөт окуу толук башталганча курулуп жаткан мектепти бүткөрүшү абзел», — деди Тынчтыкбек Конушбаев.

451