7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“ЭлКат” иши жана мамлекетке кайтарылган активдер боюнча маалымат

197

Кечээ, 20-март күнү Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому (6 миллиард сомдук) 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Бул компания 2007-жылы мурдагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Закирали, Шмелев Сергей, Левинец Константин жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу Президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, жогорудагы Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен.

Ошондон тартып, 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “ЭлКат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин деле Убактылуу Өкмөт “ЭлКатты” кайра мамлекетке кайтарууга аракет кылышкан эмес. “ЭлКатка” байланышкан факты Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкты. Эгерде ал маалымат бербегенде, “ЭлКат” дагы деле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калмак.

Алексей Ширшовдун дагы бир маалыматына ылайык, Максим Бакиевге тиешелүү өтө кымбат баалуу мүлк – Франциянын түштүк-чыгышында жайгашкан “Шато де ла Групп” (“Château De La Garoupe”) вилласы аныкталды. Бул мүлктү Максим Бакиев убагында өнөктөшү  Борис Абрамович Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин, Максим Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган. Учурда Кыргыз Өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти Юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө.

2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн. “ЭлКат” жана Франциядагы кымбат баалуу мүлк боюнча маалыматтар бир гана Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылды. Демек, дагы башка жашыруун активдер жана мыйзамсыз чыгарылган байлыктар аныкталышы мүмкүн. Эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, дал ушундай башка кылмыштуу иштердин да бети ачылышы мүмкүн. Банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымал.

Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар. Балким, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан жана мурдагы иштеринин ашкереленишинен коркуп жатышкандыр?

Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга кайтарылып, андан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча баалуу маалыматтар алынган. Бул да болсо мамлекет үчүн чоң жетишкендик болгон»-деп билдирген.

198