Бир катар өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу: “Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катыштыңыз. Биз Сиз менен жылуу, достук маанайда жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелери жана ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик.
Мен бул макулдашуулар натыйжалуу ишке ашырылып жатканына кубанычтамын, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку сапаттагы кызматташтык барган сайын тыгыз болуп, дайыма жакшы натыйжаларды берип жатат.
Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана терең достугубузду баалайм, Сиз менен эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнү илгерилетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: «Бул биздин элдерди кылымдар бою достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттары менен байланыштырып, жаратылыштын жаңылануусун символдоштурган жаркын майрам. Бул жаз майрамы элдерибиздин тилектештигин бекемдеп, кубанычын жана бакубаттуулугун арттырсын.
Нооруздун баа жеткис баалуулуктары мамлекеттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган бийик максаттарга жана идеалдарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу: “Кылымдар бою боордош элибиз бул маанилүү жана даңазалуу күндү чоң салтанат жана кубаныч менен белгилеп, жакшы ниеттерге, жакшы пландарга жана максаттарга жетүү үчүн бирге эмгек кылган.
Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, ынтымак жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк кеңейип баратканына биз абдан кубанычтабыз.
Сиз менен боло турган алдыдагы жогорку деңгээлдеги диалогдорубуздун жана биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин жыйынтыгы боюнча биз өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуубузду элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы деңгээлге чыгарабыз деп бекем ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы жеңиштерди, ал эми боордош кыргыз элине — тынчтык, бакубаттуулук жана мындан ары гүлдөп-өнүгүү каалады.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу: “Чоң толкундануу жана кубаныч менен белгиленип келген бул майрам миңдеген жылдар бою жердин ойгонушун, жаратылыштын жаңылануусун жана адамзаттын жанданышын билдирет.
Тамырлаш, түбү бир жана бай улуттук-руханий баалуулуктардан негиз алган Азербайжан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: “Нооруз түрдүү элдердин жана маданияттардын ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Бул жаркын майрам азыркы дүйнөдө гуманисттик сезимдерди жаратууга жана бекемдөөгө дем берүүчү үмүттүн символу болуп саналат”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана боордош Кыргызстан элине бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтерди каалады.
Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддин куттуктоосу: “Зор кубаныч менен Нооруз майрамына карата Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жолдойбуз, чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоо жолдоду.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын куттуктоосу: «Жаз — табияттын тең салмактуулугунун туу чокусу жана боорукердиктин, үндөштүктүн башаты. Жаңы жылда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерде жана элдерибиздин күнүмдүк турмушунда эң сонун өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Байыркы тарыхы бар бул майрам тынчтык жана коопсуздук идеяларынын негизинде маданий мурастардын жана кылымдарды карыткан каада-салттардын биримдигин ишке ашыруу катары, ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү, анын ареалындагы элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.
Нооруз майрамынын түбөлүктүү жаратман салттары бизди элдерибиз менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн туруктуу күч-аракеттерди жумшоого үндөйт.
Биздин өлкөлөр бул байыркы майрамдын жалпы адамзаттык бийик баалуулуктарына таянуу менен мындан ары да өздөрүнүн көп кырдуу мамилелеринин мазмунун байытуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрөрүнө ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов: «Күн менен түн тең келишинде белгиленүүчү Эл аралык Нооруз майрамы адамзаттын байыркы маданий мурастарынын бири болуп саналат. Миңдеген жылдардан бери келе жаткан бул эң сонун майрам жаратылыштын ойгонушунун гана эмес, өз ара сый-урматтын, тынчтыкта жанаша жашоонун, өз ара түшүнүшүүнүн жана эмгекчилдиктин символу болуп саналат. Бул жаркын майрам Сиз үчүн жана жалпы Кыргызстан эли үчүн тынчтык, кубаныч жана жаңы башталыштар менен белгиленсин”, — деп айтылат куттуктоодо.
Казакстандын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу: “Бул жаз майрамы ар бир түтүн булаткан түндүккө кубаныч жана молчулук алып келип, элдерибиздин достугун жана биримдигин бекемдесин. Жалпы баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделген Нооруз өлкөлөрүбүзгө бакубатчылык, биримдик жана гүлдөп-өсүү алып келсин”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк жакшылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалады.