УКМК өлкөдөгү эң ири интернет провайдерлеринин бири болгон «ЭлКат» ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.
«1994-жылы «ЭлКат» мамлекеттик жеке-өнөктөштүк мекемеси түзүлүп, 51 пайыз үлүшү президенттин иш башкармалыгына таандык болгон. Ал эми 49 пайызы «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсыныкы эле. 1998-жылы курам өзгөрүлүп, аталган борбордун ордуна «Айкөл-5» ЖЧКсы кирген. Президенттин иш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары «Айкөл-5тин» негиздөөчүсү болгон. Алар компаниянын 100 пайыз үлүшүнө ээ болуу үчүн башка негиздөөчүлөр менен жең ичинен сүйлөшүшкөн», — деп айтылат маалыматта.
2006-2007-жылдары айрым адамдар өз кызмат абалынан пайдаланып, президенттин иш башкармалыгын курамдан чыгаруу боюнча мыйзамсыз сот чечимине жетишкени айтылды. Ошол учурда мамлекетке эч кандай кенемте төлөнбөй, өзгөчө ири зыян келтирилген.
Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана «Айкөл-5» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү К.З.М., Ш.С.И. жана башка адамдар коррупция боюнча айыпталып камакка алынды.
Буга чейин Биринчи май райондук соту «ЭлКат» компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алган. Ошондой эле буга чейин ЖМКлар УКМК «ЭлКат» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, башкы директорду жана эки негиздөөчүнү камакка алгандыгы тууралуу маалымат тараткан.