Бүгүн, 18-октябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталып, 45 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында эки бейтап кайтыш болду.
Бишкек шаарында – 54,
Чүй облусунда – 2,
Талас облусунда — 1,
Ысык-Көл облусунда – 9,
Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет жаңы табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда 542 бейтап, амбулатордук түрдө 539 адам дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери 179 миң 913 адам коронавирус жуктуруп алган.