Бүгүн, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп медицина кызматкерлери, ыктыярдуу түрдө, акысыз вакцина алып жатышат.
Эмдөөнүн биринчи этабы 10-15 күнгө созулуп Бишкек, Ош, Сокулук жана Кант шаарларында жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифингде вакцина алган жарандар көзөмөлдө болоорун айтты.
“Өз ыктыяры менен макулдугун берген адам гана эмделет. Аларга атайын карточка берилип, абалы толук көзөмөлдө болот. Вакцина алгандан кийин да байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт отуруп турат. Ошондой эле 3 күн катары менен жарандын абалы суралып турат», — дейт ал.
Эске салсак 19-мартта Кытайдан 150 миң дозасы SinoPfarm вакцинасы келген. Аралыгы 15 күндөн 2 ирет берилет. Демек, биринчи этапта 75 миң жаранга жете турган вакцина бар.
Аталган, SinoPfarm вакцинасынын тескери реакциясы буга чейин чыккан эмес. Ошондой болсо да саламаттыкты сактоо министрлиги, жарандардын эмдөөдөн өтүүсүн өз ыктыярына калтырат.