Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21- февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.